• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте “АгроТех Экспо-2018” көргөзмөсү башталды

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Бишкекте бүгүн эски аянтта айыл чарба экспонаттарынын көргөзмөсүнүн ачылышы болду.

Иш-чаранын салтанаттуу бөлүгүндө биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов сөз сүйлөдү. Ал бүгүн биз өлкөнүн айыл чарбасынын потенциалы күчтөнүп жатканын далилдеген маанилүү иш-чаранын күбөсү болгондугубузду белгилеп өттү.

“Евразия экономикалык биримдигине кирүүбүз менен көп миллиондук рынокто атаандаштык күчөдү жана биз модернизациялашып, айыл чарба паркыбызды жаңыртуубуз зарыл”, - деди Боронов.

Көргөзмөнүн катышуучуларынын бири, “Ростсельмаш” россиялык компаниясынын өкүлү Андрей Колесников билдиргендей, бүгүн Кыргызстанда алар дан чогултуучу жаңы “Нова” комбайнын көрсөтүштү. Ал “Ниванын” ордун алмаштырууга келди.

“Ушул жылдан баштап биз аны Кыргызстанда активдүү сата баштайбыз. Бардык дан чогултуучу техника КРда лизинг аркылуу жеңилдетилген шарттарда сатылат”, - деди Колесников.

Ал КРда азырынча жылына 20дай унаа сатыларын, россиялык ишкерлер рыноктун 80 пайызын ээлөөнү пландап жатышканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий