• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте акыл-эсинен жабыркаган өспүрүм үй-бүлөсүн издеп жатат. Учурда ал карылар үйүндө

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Бишкектеги Биринчи май районунун Абай көчөсү №57 дарегинде жайгашкан карылар үйүндө Медер аттуу өспүрүм бар.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, үстүбүздөгү жылдын 9-октябрь күнү Ленин райондук милиция кызматына кайдыгер эмес аял Медерди жетелеп келген.

Анын маалыматына ылайык, бул окуянын чоо-жайын билүү максатында бала жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери жана баланын ден-соолугун текшерүү үчүн тез жардам кызматкерлери чакырылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында бала акыл-эсинен жабыркай тургандыгы аныкталган.

Шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгы өспүрүмдүн туугандары табылгыча аны карылар үйүнө жайгаштыруу чечимин кабыл алган.

“Медердин туугандары тууралуу кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды Ленин районудук милиция кызматына билдирип коюну суранабыз. 0 (705) 848-520 - баланы жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн кызматкери”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий