• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте акыркы беш айда унааны мас абалында башкарган 1,3 миңден ашуун айдоочу кармалган

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматында акыркы беш айды жыйынтыктоо боюнча ыкчам кеңешме болуп өттү.

Кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, ага Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаков, орун басары Мирлан Боенов, башкармалыктын полкунун командири Канатбек Жумаев, рота саркерлери жана бөлүм башчылары катышкан.

Акыркы беш айда кайгуул кызматкерлери тарабынан жол эрежелерин бузуу фактылары үчүн 133 миң 985 протокол толтурулуп, өткөн жылдын 5 айына салыштырмалуу 77 миң 377 протоколго көп болгон.

Алардын ичинен :

- автоунаага тийиштүү документтери жок айдоо - 1 566 ;

- мас абалында авто унаа башкаруу - 1 330;

- авто ээнбаштык - 29;

- автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин атайын караңгылатып, күңүрттөп айдоо - 297 ;

- автоунааны жасалма же жалган мамлекеттик каттоонун номердик белгилери менен башкаруу - 64;

- башка жол эрежелерин бузуу фактылары - 118 миң 699;

- ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 9 887 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулган. Түзүлгөн протоколдор үчүн жалпысынан 186 млн 976 миң 500 сом айып салынып, бүгүнкү күндө 40 млн 806 миң 897 сом мамлекеттик бюджетке өндүрүлгөн.

Ошондой эле 5 ай ичинде кайгуул кызматы тарабынан "102" линиясы боюнча 31 миң 446 чакыруулар ыкчам жана сапаттуу тейленген.

Ыкчам кеңешмеде мындан башка да ачылган кылмыштар, жол кырсыгынын алдын алуу, өспүрүмдөрдүн коопсуздугу боюнча маселелер каралып, жетекчилик тарабынан тийиштүү бөлүмдөргө тапшырмалар коюлду.

Пикир

Оставить комментарий