Бишкек, 05.10.22. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Ата-Түрк сейил багындагы суу лотоктору жаңыланууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, лотоктор секундуна 45-50 литр суу өткөрүүгө жөндөмдүү. Мына ушундай өткөрүмдүүлүктүн аркасында 70 гектардан ашык жерди сугат суусу менен камсыздай алат.
Бүгүнкү күндө 241 лоток орнотулду, дагы 159 лоток орнотулат.
Бишкекте Ата-Түрк сейил багындагы суу лотоктору жаңыланууда
05/10/22 18:08 304 кароо Коом 0
Пикир
Оставить комментарий