• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Улут сыймыгы, нагыз элдик жазуучу болчу — Мелис Абакировго жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 31.01.24./Кабар/. Кыргыз эли, улуттук адабият оор жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, III даражадагы “Манас” орденинин ээси Мелис Абакиров 84 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Мелис Абакиров Чүй районунун Бурана айылында 1940-жылы 15-мартта туулган. 1963-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн.

Эмгек жолун 1963-жылы мугалим болуп иштөөдөн баштап, 1965–1970-жылдары Ысык-Көл облусундагы Тоң райондук “Эмгекчил” гезитинде адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орун басары, 1970–1971-жылдары “Ленинчил жаш” гезитинин бөлүм башчысы, 1971–1979-жылдары “Советтик Кыргызстан” гезитинин адабий кызматкери, өз кабарчысы, жооптуу катчынын орун басары, 1979–1985-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик басма комитетинин башкы редактору, 1985–1988-жылдары “Мектеп” басмасында бөлүм башчы, 1988-жылдын август айынан “Адабият” басмасынын башкы редактору, 1992–1998-жылдары ушул басманын директору, 1998–2005-жылдары “Акыл” акционердик коомунун төрагасынын орун басары – “Кыргызстан” басма үйүнүн башкы редактору, 2004-жылдын декабрь айынан 2007-жылдын мартына чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун катчысы болуп иштеген. Улуттук адабияттын жана жазуучулар союзунун эмгек сиңирген ардагери.

Алгачкы аңгемелери студенттик жылдарда жарыяланып, 1978-жылы “Жаштык рапсодиясы” аттуу биринчи аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.

Кыргыз тилинде “Жаштык рапсодиясы”, “Жинди сабыр”, “Канталамай”, “Чоң энемдин жомогу”, “Алмалуу бак”, “Алчалуу төр”, “Көкөй кести”, “Барымта”, “Эрөөл”, “Сакадай бою сары алтын” ж.б. аңгеме, повесть, романдары, орус тилинде “Сказки моей бабушки”, “Рапcодия молодости” “Герои эпоса “Манас”, “Верблюд и мышь” “Азарт”, “Детство в годы изгнания”, башка тилдерде “Энемиң эртекилери”, “Катагонда утган болалик” китептери жарык көргөн.

Лев Толстойдун “Кумурска менен көгүчкөн” (тамсилдер), Хуан Рамон Хименестин “Платеро жана мен”, Олег Шестинскийдин “Блокада новеллалары” (аңгемелер жана новеллалар), Арпад Генцтин “Майдан” (новеллалар, эсселер, пьеса) ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

1983-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун, 1976-жылдан тартып СССРдин Журналисттер союзунун мүчөсү.

Мелис Абакировдун адабият, маданият жана басма сөз тармагындагы эмгектери бааланып III даражадагы “Манас” ордени, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланып, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери”, “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” ардактуу наамдары ыйгарылган.

Улут сыймыгы, нагыз элдик жазуучу Мелис Абакировдун жаркын элеси жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Үй-бүлөсүнө, жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С.Н. Жапаров, Н.Т. Шакиев, А.У. Жапаров, С.С. Касмамбетов, М. Самыйкожо, Н.А. Азыгалиев, Э.Ж. Байсалов, А.А.Максутов, Ч.А. Абыкеев, Н.О. Калыбеков, Т.С. Самудинов, К.Ж. Жусупов, Ө.Д. Даникеев, Т.М. Мамеев, С.Ж. Жетимишов, К.Ж. Жусубалиев, А.Ж. Жакшылыков, Ш.Д. Дүйшеев, А.Р. Рыскулов, Н.А. Алымбеков, М.М. Мамазаирова, Т.З. Закирова, С.А. Акматбекова, А.Ө. Өмүрканов, М.А. Ааматов, К.Б. Бакиров, Т.Т. Казаков, Ж.О. Кулмамбетов, Т.Н Абылкасымова. ж.б.

Пикир

Оставить комментарий