• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Министрлер кабинетинин башчысы Башкы прокуратуранын 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.24./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Башкы прокуратуранын 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча коллегиясына катышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, «Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» конституциялык мыйзамга ылайык, Башкы прокуратура Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар мамлекеттик органы болуп саналат. Мыйзамга ылайык, анын негизги милдети мыйзамдуулукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту чыңдоо, ошондой эле инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыктарын коргоо болуп саналат.

«Ошол эле учурда бул статустун аркасында биринчи кезекте мамлекеттин алдындагы чоң жоопкерчилик турат. Прокуратура органдарынын кызматкерлерине өз ишмердүүлүгүн толук жана натыйжалуу жүргүзүү үчүн бардык шарттар түзүлгөндүгүн эске алып, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө так жана бирдей, ал эми прокурорлордун аброю кынтыксыз болууга тийиш», - деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле мамлекеттик бюджеттин көбөйүшүнө прокуратура органдарынын кошкон салымын белгилеп, өлкөнүн ички дүң продукциясы 1 триллион 228 миллиард 900 миллион сомго жетип, тарыхый босогону аттаганын кошумчалады.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкө “өнүгүүгө ишенимдүү бара жатканын” кошумчалады жана бул багытта прокуратура кызматкерлеринин салымын белгиледи.

«2030-жылга карата ИДПнын көлөмү 30 миллиард долларга жетиши үчүн жылдык өсүштү 10-11,5%, 2050-жылга чейин 200 миллиард долларга жетүү үчүн ИДПнын жылдык өсүү темпи 10,3% болушу керек. Ар бир мамлекеттик кызматкер өзүнө жүктөлгөн милдеттерди жоопкерчилик менен аткарса, бул көрсөткүчтөргө жетишүүгө болот. Ал эми И.Раззаков айткандай: “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот”, — деп Акылбек Жапаров жыйынтыктап, өлкө жетекчилиги тарабынан көзөмөл органынын кызматкерлеринин алдына коюлган милдеттерди белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий