• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

"Чоң Казат" партиясы өз тарапташтарын жогорку кызматтарга дайындаган жок - Мамытканов

Коом 0

Бишкек, 07.10.20. /Кабар/. "Чоң Казат" партиясы өз тарапташтарын жогорку кызматтарга дайындаган жок. Азыр "Чоң Казат" партиясынын атынан кызматтарды ээлеп жаткандардын бардыгы чагым. Бул тууралуу аталган партиянын лидери Максат Мамытканов бүгүн Элдик координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, анын тарапташтары бийликти басып алуу менен алектенишкен жок.

"Партиянын өкүлдөрү айрым министрликтерди, ведомстволорду жана башка мамлекеттик ишканаларды тартып алып жаткан маалымат чагымчылдык болуп саналат. Сыймык Жапыкеевди Башкы прокурордун милдетин аткаруучу кылып эл дайындады", - деп белгиледи Мамытканов.

Мамытканов партиянын тарапташтары Саламаттык сактоо министрлигине жаракат алгандар жана эпидемиологиялык абал боюнча маалымат алуу үчүн барышканын айтат.

Пикир

Оставить комментарий