• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо объекттери текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев калаадагы жылуулук менен камсыздоо объектилеринин ишин текшерди, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Мэр ЖЭБдеги штаттан тышкаркы кырдаалдан улам жылуулук энергиясын берүү үзгүлтүккө учураган «Электр станциялары» ААКнын – «Бишкекжылуулуктармагы» насостук станциясын текшерди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө белгилүү болгондой, учурда «Электр станциялары» ААКсы - «Бишкекжылуулуктармагы» шаардын 66% ЖЭБ аркылуу камсыздаса, шаардын калган бөлүгүн (34%) муниципалитетке караштуу «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасы тейлейт.

Борбор калаа башчысы тиешелүү кызматтарга «Электр станциялары» ААК - «Бишкекжылуулуктармагы» жаңы отканаларына жер тилкесин бөлүп берүү маселесин тездетүүнү тапшырды.

Андан ары Айбек Жунушалиев №2 клиникалык ооруканага текшерүү жасап, медициналык мекеменин ар бир бөлмөсүнүн температуралык шарттары менен таанышты.

Маалым болгондой, учурда клиникалык оорукананын жалпы бөлүмдөрүндө температура +20-22°С сакталууда.

Шаар башчысы социалдык объектилерди жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоо муниципалитеттин биринчи кезектеги милдети экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий