• 88.68
  • 95
  • 0.95

КР ТИМ башчысы Жээнбек Кулубаев Тажикстанга расмий сапар менен барат

Саясат 0

Бишкек, 03.02.24./Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев расмий сапар менен 4-5-февраль күндөрү Тажикстанга барат. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кулубаев тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддиндин чакыруусу менен барат.

Расмий сапардын алкагында кыргыз-тажик мамилелеринин эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн жогорку жана эң жогорку деңгээлде жолугушуулар пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий