• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Акылбек Жапаров ДБнын өкүлдөрү менен жашыл энергетика тармагындагы долбоорлорду талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 01.02.23./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Атап айтканда, жашыл энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу, республиканын Суу стратегиясын кабыл алуу жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы боюнча маселелер талкууланды.

Министрлер Кабинетинин башчысы республика үчүн Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу, ошондой эле жашыл энергетика тармагындагы долбоорлордун артыкчылыктуу экендигин белгиледи. Ал ошондой эле Суу стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына чет мамлекеттерге бөтөлкөдөгү ичүүчү сууну экспорттоо боюнча эл аралык каржы институттары тарабынан колдоо көрсөтүү чараларын киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Навид Хасан Накви энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдар менен жүргүзүлүп жаткан иштер, анын ичинде Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга каржылоону тартуунун мүмкүн болгон механизмдери тууралуу айтып берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ири долбоорлорду ишке ашыруу иретинде өлкөнүн энергетика тармагына инвесторлорду тартуу үчүн Суу форумун жана Инвестициялык форумду өткөрүү маселелерин да талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий