• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өзбекстанда 33 баланын тамакка ууланышы боюнча кылмыш иши козголду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 31.01.24. /Кабар/. 19-январга караган түнү Өзбекстандын Сурхандарыя облусундагы жатак мектепте тамакка жапырт уулануу учуру катталды. Өлкөнүн балдар акыйкатчысынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 33 окуучу ооруканага жаткырылды.

"33 окуучу жеке ишкананын жараксыз продукциясынан даярдалган тамакты жеп, оор гастриттин белгилери менен райондук ооруканага кайрылганы аныкталды", - деп жазылган балдар акыйкатчысынын Telegram-каналындагы билдирүүдө.

Маалыматта мектепте ашкана жабдууларын иштетүү эрежелери сакталбай, тамак-аштын сакталышы санитардык нормаларга жооп бербегени белгиленген.

Жапырт ууланууга байланыштуу райондук прокуратура "коопсуздук талаптарына жооп бербеген, оор кесепеттерге алып келген товарларды таратуу же сатуу максатында өндүрүү, сактоо, ташуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Өзбекстандын мыйзамдарында бул берене боюнча күнөөлүү деп табылгандар үчүн 7 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Атайын билим берүү агенттиги интернатта тамактан ууланган окуучулардын абалы азыр жакшы экенин маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий