• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Ташкент» автобекети күнү-түнү иштөө тартибине өттү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 16.03.20. /Кабар/. Өзбекстанда бардык окуу жайлар жабылгандан кийин «Ташкент» автобекети студенттер менен окуучуларды аймактарга жөнөтүү үчүн күнү-түнү иштей баштады. Бул тууралуу Транспорт министрлиги Телеграм-каналы аркылуу билдирди.

«Ташкент» автобекетинен 17 багыт боюнча 35 автобус каттамы менен 1800 жүргүнчү ташылды. Жүргүнчүлөрдүн агымы көп болгондуктан «Узавтотранс Сервис» 15-марттан тарта дагы 35 каттамды ишке киргизди. Жалпысынан 70тей каттам 4000дей жүргүнчүнү тейлеп жатат», – деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик «Ташкент» автобекетинде жүргүнчүлөрдүн агымына жараша кошумча автобустар жүрө баштай турганын кошумчалады.

Өзбекстанда коронавирус жугузган алгачкы учур катталгандан кийин 16-марттан тарта бардык окуу жайларда карантин жарыяланган.

Пикир

Оставить комментарий