• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Казакстанда акыркы суткада 3 миң 899 адамдан коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Казакстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясы 3 миң 899 адамдан табылды. Бул тууралуу “Казинформ” эл аралык маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Нур-Султан шаарында – 950, Алматы шаарында - 638, Шымкент шаарында – 264, Акмоло облусунда – 139, Актөбе облусунда - 55, Алматы облусунда - 85, Атырау облусунда - 290, Чыгыш-Казакстан облусунда – 68, Жамбыл облусунда – 66, Батыш-Казакстан облусунда - 215, Караганда облусунда - 603, Костанай облусунда - 92, Кызылорда облусунда - 64 Мангистау облусунда - 126, Павлодар облусунда - 142, Түндүк-Казакстан облусунда - 31, Түркестан облусунда – 71 адамдан COVID-19 табылган.

Казакстанда оору катталгандан тарта бардыгы болуп 458 миң 724 адам коронавирус жуктурган.

Белгилүү болгондой, Казакстанда бир суткада коронавирустан 34 бейтап көз жумду.

Пикир

Оставить комментарий