• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Караколдо уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды

Коом 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Караколдо уурулук менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 15-август күнү Каракол ШИИБне жергиликтүү тургун кайрылып, түнкү саат 02.00 чамаларында үйүнө келсе, белгисиз жарандар батиринен жеке буюмдарын уурдап кеткенин билдирген. Жабырлануучуга 30 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт Каракол ШИИБнин КБРне катталып, Кылмыш-жаза кодексинин Уурдоо беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү жарандар аныкталып, колго түшүрүлдү.

Алар Чүй облусунун 35 жаштагы тургуну У.А. жана Жети-Өгүз районунун 16 жаштагы тургуну Н.А. болуп чыгып, алгачкы тергөө сурагында жабырлануучунун үйүнөн буюмдарды уурдашканын толугу менен моюндарына алган.

Андан аркы тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары кармалган жарандар Каракол шаарынын аймагынан дагы 9 факт батирдик уурулук кылышкандарын аныктады.

Алардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнөн улам жабырлануучуларга жалпысынан 240 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Учурда шектүүлөрдүн дагы ушундай кылмыштарга тиешеси бар, же жогу текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий