• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкек мэри Ленин районун кыдырып, бир катар тапшырмаларды берди

Коом 0

Бишкек, 23.04.24. /Кабар/. Бүгүн, 23-апрелде саат 6:00дө Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ленин районундагы шаардык кызматтардын жетекчилеринин катышуусунда жеринде текшерүү жүргүздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү Бейшеналиева көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинен башталды.

Муниципалдык инспекцияга чарба жүргүзүүчү субъекттердин ээлери менен чектеш аймакта коюлган талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Тиешелүү кызматтарга рейд жүргүзүп, коомдук тамактануучу жайлардын ээлерине жана чарбалык субъектилерге айлана-тегерегин күн сайын тазалоо иштерин жүргүзүүнү милдеттендирүү тапшырмасы берилди.

«Бишкекжарык» муниципалдык ишканасына электр зымдарын толук инвентаризациялоо, электр линияларын уюштуруу, керексиз зымдарды жок кылуу, электр лампаларынын жана LED-экрандардын жарамдуулугун текшерип, зарыл болгон учурда аларды жаңысына алмаштыруу тапшырылды.

Ленин районунун акимине Ош базарынын аймагындагы стихиялуу сооданы көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди.

Ошондой эле кызматтарга инвентаризация жүргүзүү жана мыйзамсыз орнотулган соода жайларын аныктоо, соода борборлорунун чек арасын карап чыгуу, муниципалдык аймакка созулган кеңейтүүлөрдү аныктоо тапшырылды.

Коммуналдык кызматтарга жашыл зоналарды тазалоо, аймакты санитардык тазалоону күчөтүү жана таштанды челектерин жаңылоо, ошондой эле аларды орнотуу концепциясы боюнча бир катар тапшырмалар берилди.

Шаар башчысы муниципалдык инспекцияга курулуш объекттеринде унаа дөңгөлөктөрүн тазалоочу пункттардын болушун көзөмөлдөөнү эскертти.

Пикир

Оставить комментарий