• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ош базарынын айланасындагы башаламан сооданы жоюу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 23.05.23. /Кабар/. Ленин райондук акимчилиги Ош базарынын аймагында жана ага чектеш көчөлөрдө башаламан сооданы жоюу иштерин улантууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Ош базары" соода борборунун айланасы - Киев, Бейшеналиева, Кулиев, Токтогул көчөлөрү тазаланды.

Рейддин жүрүшүндө жол кайгуул кызматы тарабынан мыйзамсыз соода кылган 1 унаа, 18ден ашык жеңилдетилген типтеги объектилер – кол арабалар, мамылар, кол чатырлар, столдор алынды.

Ошондой эле башаламан соода менен алектенген жарандарга карата протоколдор түзүлдү.

Бул багыттагы иштер күн сайын жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий