• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кудайбергенов борбордо коронавируска каршы күрөшүүдө иштерди күчөтүүнү тапшырды

Коом 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясынын отчетун укту.

Мниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйындын жүрүшүндө шаар башчысы коомдук траспорттордун жүргүнчүлөрү арасында бет капты милдеттүү тагынуу, антисептик колдонуу, ошондой эле айдоочулар арасында коомдук траспорттордо дезинфекция иштерин жүргүзүп туруу, жүргүнчүлөрдүн толуусуна жол бербөө сыяктуу COVID-19 менен күрөшүү боюнча бир катар тапшырмаларды койду.

Мындан тышкары, Кудайбергенов комиссиянын мүчөлөрүн жарандардын массалык чогулушунун алдын алуу боюнча аракеттерди күчөтүүгө, борбордун вице-мэрлеринин, район башчыларынын жана башка жетекчилердин катышуусунда рейддерди өткөрүүгө чакырды.

Санитардык-экологиялык инспекцияга, Шаардык транспорт башкармалыгына санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү тапшырылды.

Эл арасында санитардык эрежелерди сактоо зарылдыгы тууралуу маалымат берүүнү активдештирүү, андан тышкары күн сайын коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча чаралар тууралуу ыкчам маалымат берип туруу милдеттендирилди.

Мэрдин милдетин аткаруучу Шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын төрагасына, , орун басарларына жана мөчүлөрүнө короавирус инфекциясын мындан ары жайылуусуна жол бербөө боюнча жеке жоопкерчилик жана эскертүү берди.

Борбордогу коронавирус инфекциясы боюнча абалды эске алып Бишкек шаарында эпидемияны алдын алуу боюнча иш-чараларды жетишсиз деңгээлде уюштурулганын эске алып, Б.Кудайбергенов мэриянын бир катар кызматкерлерине, вице-мэрлерге, транспорт башкамалыгынын кызматкерлерине, район башчыларына сөгүш жарыялады.

Эскерте кетсек, 30-июнга карата Бишкек шаарында коронавирус 1 миң 490 адамдан жаңы табылган.

Пикир

Оставить комментарий