• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте бир жумада 5 миң 582 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Бишкекте 26-марттан 1-апрелге чейин 5 миң 582 жол эрежелерин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол эрежелерин бузуу фактыларынын ичинен:

- Мас абалында автоунаа башкаруу - 59;
- Автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо - 15;
- Айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаруу - 88;
- “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөнбөгөн айып пулдары бар унаалар - 113;
- Башка жол эрежелерин бузуулар - 5 307.

Ошондой эле 502 унаа убактылуу айып жайына токтотулду.

Пикир

Оставить комментарий