• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият министри Иманалиев Талас облустук музыкалык драма театрына барды

Маданият 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында К.Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында болду.

Аталган министрликтен билдиришкендей, Кайрат Иманалиев театрга жаңы кабыл алынган труппанын катышуусунда коюлуп жаткан 7-апрель элдик революцияга арналган спектаклдин этаптык жүрүшүнө токтолду.

Мындан сырткары, Талас облустук китепканасынын 75 жылдыгына карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктардан кабар алды.

Ошондой эле Талас шаардык музыкалык мектептин учурдагы жасап жаткан иш аракеттери жана "Манас Ордо" улуттук тарыхый-маданий комплексте жүрүп жаткан жаңыланууларды эмгек жамаат менен талкуулады.

Пикир

Оставить комментарий