• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Тунгуч” театры Астанадагы эл аралык фестивалга катышты

Маданият 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. “Тунгуч” жаштардын эксперименталдык театры үчүн Астанада ЭКСПО-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында өткөн «Сахнадансәлем!» V эл аралык фестивалына ийгиликтүү катышып келишти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине «Кыргызстан-Астана» коомдук бирикмесинин төрагасы Шавкат Исмаилов билдирди.

Апталык “театралдык марафонго” Казакстан, Россия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Азербайжандан 10 театр катышты. Кыргызстан драматург Султан Раевдин «Илегилек» психологиялык драмасын сунуштады.

“Актердук курамда калыстардын атайын сыйлыгына татыган, Кыргызстандын эл артисти Жамал Сейдакматова менен катар Таазима Үмөталиева жана Имаш Ажикул болушту”, - деди Исмаилов.

Пикир

Оставить комментарий