• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жээнбеков: «Манас» эпосу – кыргыз элинин улуу мурасы, улуттук сыймыгы, кыргыз духунун туу чокусу

Маданият 0


БИШКЕК, 10.08.17. /Кабар/. «Манас» эпосу – кыргыз элинин улуу мурасы, улуттук сыймыгы, жол көрсөтүүчүсү, кыргыз духунун туу чокусу”, – деп билдирди Кыргыз Республикасынын Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков шаршемби, 9-августта, «Манас» эпосунун түрк тилиндеги басылмасынын бет ачарында. Китептин бет ачары Стамбул шаарында болуп өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн аппаратынан билдиришти.

Бет ачар иш чарасына Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбаш, Кыргызстандын Өкмөттүк делегациясы, Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, Түркиянын илимий интелегенциясы, Стамбул шаарынын жашоочулары катышты.

Бет ачар тематикалык фото көргөзмө жана «Манас» эпосу жөнундөгү кыска метраждуу тасманы көрсөтүү менен башталды.

«Эпостун түрк тилине которулушуна абдан кубанычтамын. Стамбул – цивилизациялардын бешиги жана биз сыймыктануу менен биздин шаарда Манастын эстелигин орнотуп жатабыз. «Манас» эпосу – жалпы түрк дүйнөсүнүн сыймыгы», – деп баса белгиледи Стамбул шаарыны мэри Кадыр Топбаш. Ал Кыргызстандын Премьер-министрине Түркияга болгон Сооронбай Жээнбковдун иш сапарынын алкагында аталган маанилүү иш чарага катышкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

«Бүгүн Стамбул шаарында биз Улуу Манастын эстелигин ачтык, «Манас» эпосунун түрк тилиндеги басылмасынын бет ачары өтүүдө. Биз эки элдн тарыхый-маданий мамилелеринин бекемделишинин күбөсү болуп турабыз. Түрк тилдүү элдердин арасында кыргыздар дүйнөлүк маданиятка «Манас» эпосу сыяктуу жана дүйнөгө белгилүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу салым кошконун сыймыктануу менен айта алат», – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын Өкмөт башчысы эске салгандай, «Манас» эпосунда түрк тилдүү элдердин этногенизиндеги тыгыз байланыштар тууралуу өзгөчө айтылат. Ал дүйнөлүк негизги тилдерге, анын ичинде орус, кытай, англис, француз, япон, фарсы жана башка көптөгөн тилдерге которулган. Бүгүн болсо «Манас» эпосунун варианттарынын бири түрк тилине которулду.

Сооронбай Жээнбеков эпостун котормочуларына жана Стамбул шаарынын жетекчилигине кыргыз-түрк мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылыгын билдирип, келечекте эки элдин ортосундагы боордоштук байланыштардын бекемделе беришин каалады.

Премьер-министр Түркия Республикасындагы мекендештерге кайрылды.

«Сиздердин биримдигиңиздер бизди кубандырып олтурат. Биз сиздердин ар бириңиздердин жүрөгүнүздөрдө мекенге болгон кусалык бар экендигин билебиз. Стамбул шаарына орнотулган Улуу Манастын эстелиги сиздер үчүн мекендин бир бөлүгү жана ал жөнүндөгү элес болуп калат. «Манас» эпосу ар дайым биздин элдин духун көтөрөт!» – деп сөзүн жыйынтыктады Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков.

Эпостун которулган нускасын түрк тарапка берилди. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир нускасын Стамбул шаарынын мэри Кадыр Топбашыга тапшырды, ошондой эле мэрге дагы бир нускасы Түркиянын Президенти Тайып Эрдоган үчүн берилди.

Бет ачар Кыргызстандын искусство ишмерлеринин концерттик программасы жана биргеликте сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

Маалымат : Бүгүнкү күндө биринчи жолу «Манас» эпосунун манасчы Сагымбай Орозбаковдун айтуусундагы варианты боюнча басылма толугу менен түрк тилине которулду. Эске салсак, китеп легендарлуу манасчынын 2017-жылы белгиленүүчү 150 жылдык мааракесине арналып чыгарылды. Которуу иши 8 айда жыйынтыкталды. Эпосту түрк тилине которгондор Абдрасул Исаков, Бакыт Сагынбеков, Гүлдана Мурзакулова, Мирланбек Нурматов, Нажийе Ата Йылдыз доктор Фахри Солактын колдоосу астында ишке ашырышты.

Пикир

Оставить комментарий