• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ошто рейддин жыйынтыгында мыйзамсыз салынган 29 обьект алынды

Аймак 0

ОШ, 10.08.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош шаарында рейд жүрүп, анын негизинде 3 соода павильону, 5 соода бастырмасы, 21 майда соода күркөлөрү жана башка мыйзамсыз обьектилер алынды.

Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы 9-августта “Түштүк” кичи районунда мыйзамсыз иш алып барып жаткан соода түйүндөрүнө рейд жасаган.

Рейддин жүрүшүндө өзгөчө мыйзамсыз тургузулган соода түйүндөрүнө, жарнамаларга көңүл бурулган.

Жыйынтыгында Толонов көчөсүндө мыйзамсыз 5 соода бастырма, 21 соода күркөлөрү, 27 жарнамалар алынды.

Аталган рейд мэр Айтмамат Кадырбаевдин 31-июлда берген протоколдук тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий