• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте үч бир тууган Раяна, Мусабек жана Исабек изделүүдө

Коом 0

Бишкек, 26.02.24. /Кабар/. Бишкекте үч бир тууган - Раяна, Мусабек жана Исабек Маруковдор изделүүдө. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-февралда милицияга Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ал 2009-жылы туулган кызы Раяна Марукова жана 2012-жылы төрөлгөн уулдары Мусабек жана Исабек Маруковдор ошол күнү Бакаев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирип, табууга көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Раяна Марукованын белгилери: бою 165 см, арык чырай, чачы күрөң; Кийими: кара куртка, кара топу.

Мусабек Маруковдун белгилери: бою 130 см, арык чырай, чачы кара. Кийими: көк куртка (кызыл өңдөрү бар), боз топу.

Исабек Маруковдун белгилери: бою 130 см, көк куртка (жашыл өңдөрү бар), көк топу.

"Дайынсыз болуп жаткан балдарды көргөндөр болсо, 0(312) 35-29-47, 0(777) 86-97-97, 0(700) 86-09-09, 0(773) 90-94-65 же 102 номерлеринин бирине кабар берүүңүздөрдү суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий