• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

87 миң нуска: 5-6-класстын табият таануу жана география китептери кайра басылып чыгат

Коом 0

Бишкек, 22.10.18. /Кабар/. 5чи жана 6-класстардын табият таануу жана география китептери оңдолуп, кайра басылып чыгарылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов билдирди.

Ал билдиргендей, баардыгы болуп 87 миң китеп кайра басылып чыгарылат. Жалпы жонунан ар бир сабак боюнча 43,5 миң сом сарпталат.

Китептерди кайра басып чыгаруу “Билим компьютер” басмаканасынын эсебинен жүргүзүлөт.

“Басмакана өз күнөөсүн моюнуна алды. Жаңы китептер даяр болгонго чейин эски китептер мектептерден чогултулбайт. Мугалимдер сабактарды оңдоо менен жүргүзүшөт”, - деп түшүндүрдү ал.

Эске сала кетсек, мектептин 5чи жана 6-класстарынын табият таануу жана география китептеринде көп грамматикалык жана мазмундуу каталар табылган.

Пикир

Оставить комментарий