• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ысык-Көлдө эл аралык эксперттердин катышуусунда милиционерлер үчүн тренинг өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. 14-18-ноябрь аралыгында Ысык-Көл облусунун Каракол жана Балыкчы шаарларында Ички иштер министрлигинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматынын демилгеси менен LEICA долбоорунун алкагында Европа Биримдигинин колдоосу аркылуу эл аралык эксперттердин катышуусунда бир жумалык семинар-тренинг өтүп жатат.

ИИМден билдиришкендей, бул иш-чара Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аркеттенүү кызматы тарабынан 2017-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча программасын ишке ашыруу жана 2022-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планында көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу максатында Ысык-Көл ОИИБнын борбордук аппаратынын жана аймактык түзүмдөрүнүн кызматкерлерине өткөрүлүүдө.

Милиция кызматкерлери үчүн “Коомчулук арасында экстремизмди жана терроризмди алдын алууда укук коргоо органдарынын ролу” аттуу темада туруктуу кызматташтыкты жана маалымат алмашуу каналын бекемдөө, аны өркүндөтүү, облус аймагындагы күч түзүмдөрү ортосунда терроризмге, экстремизмге каршы аракеттенүүдөгү кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо жана коомчулук арасында экстремизмдин, радикализмдин алдын алуу иш-чараларын жакшыртуу максатында уюштурулду.

Аталган семинар-тренинг ИИМдин ЭММКАКнын башкармалыгынын орун басары, милициянын полковниги Улан Бердибаев, аталган кызматтын улук ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын полковниги Манас Аманбаев, ИИМдин Академиясынын улук окутуучусу милициянын улук лейтенанты Медер Карабаев тарабынан уюштурулуп, кызматкерлерге Кыргызстандагы диний кырдаал, тыюу салынган диний уюмдар, материалдар жана алардын өзгөчүлүктөрү тууралуу баяндамалар жасалып, видео тасмалар көрсөтүлдү.

Ошондой эле экстремисттик, террористтик жана деструктивдүү көз караштагы диний уюмдардын ишмердүүлүгүнө жол бербөө максатында жалпы коомчулук менен биргеликте иш-чараларды жүргүзүү багытында практикалык жардамдарды көрсөтүү менен кошо Белгия, Испания, Эстония сыяктуу мамлекеттерден онлайн форматында эл аралык эксперттер тажрыйбаларын бөлүштү.

Семинарды өткөрүү учурунда, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго эксперттер тарабынан жооптор берилип, аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан даярдалган, диний экстремизмдин алдын алуу темалары боюнча 1500ден ашык усулдук китепче, буклеттер, эстеткичтер таратылды.

Жалпысынан аталган иш-чарага 150 жакын милиция кызматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий