• 88.68
  • 95
  • 0.95

Айдоочуларга эскертүү! Төө-Ашууда калың кар жаап, бороон болууда

Коом 0

Бишкек, 16.11.22. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда калың кар жаап, бороон болууда. Бул тууралуу "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, кардын калыңдыгы 25 см чейин жетет. "Кыргызавтожол" МИнин №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдорду кардан тазалоо жана тайгакка каршы инерттүү материалдарды чачуу иштери жүрүп жатат.

"Жолдун көрүнүшү начар. Бишкек-Ош унаа жолунун 132-136 тилкесинде өтүү бир гана Ош багытына жүргүзүлүүдө. Жеңил унаалар үчүн жол кыймылы татаал. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн убактылуу чектөө киргизилди.

Аба ырайына байланыштуу ашуу аймактарына чыга турган айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрүн кышкы дөңгөлөккө алмаштырып, кар чынжырчаларын алып жүрүүнү сунуштайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий