• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мусакожоев: Жээнбековдун Түркияга сапары – бул эки жактуу мамилелердин өнүгүшүнүн маанилүү баскычы

Коом 0

Бишкек, 10.04.18 /Кабар/. Кыргызстандын президентинин Түркияга сапары – бул эки мамлекеттин мамилелеринин өнүгүшүнүн маанилүү баскычы. КР президентинин Түркияга расмий сапары боюнча экономист Шайлообек Мусакожоев ушундай пикирин билдирди.

Экономисттин айтымында, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы мамилелер көбүнесе экономикалык түзүүчүлөргө байланыштуу жана өлкөлөр аралык мамилелерди бекемдөө өз ара пайдалуу кызматташууларга жакшы таасирин берет.

“Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер абдан өнүгүп жатты. Буга Кыргызстанда түрк бизнесинин кеңири кириши, аларга биздикинин аралашуусу күбө. Мындан тышкары биздин өлкөлөр билим берүү тармагында көп иштерди жасап жатышат: биздин өлкөдө Түрк университети бар. Ошол эле учурда жарандарыбыз Түркияда билим алып жатышат. Бирок айрым бир түшүнбөстүктөрдөн улам кандайдыр бир убакытка эки жактуу алакалар солгундап кеткен жана кырдаал токтоосуз түзөтүүлөргө муктаж эле”, - деп белгиледи ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков расмий сапары менен Түркияда жүрөт.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун эки күндүк расмий сапарынын биринчи күнүндө Анкарада Түркиянын башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен тар жана кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр өттү.

Президенттер энергетика, транспорт, айыл чарба, саламаттык сактоо, парламенттер аралык кызматташуу, маданият жана билим берүү тармактарында эки жактуу кызматташуулардын аспектилерин, ошондой эле инвестицияларды тартуу маселелерин талкуулашты. Мамлекет башчылар тараптардын жылдык товар айлантууну 1 млрд долларга чейин жогорулатуу потенциалын баса белгилешти.

Бүгүн, 10-апрелде президент Жээнбеков Түркиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлери, ошондой эле премьер-министр Бинали Йылдырым жана Улуу улуттук жыйындын спикери Исмаил Кахраман менен жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий