• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте Эл аралык V «Антиконтрафакт-2017» форуму башталды

Коом 0

Бишкек, 14.09.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо, анын ичинде өнөр жай азыктарын, мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы көйгөйлөрүнө арналган «Антиконтрафакт-2017» V Эл аралык форуму өз ишин баштады.

Форум «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүүдө. 3 күнгө созулган иш чаранын алкагында конференция, пленардык жыйын, көргөзмө жана башка маданий иш чаралар менен коштолот.

Форумдун уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Евразия экономикалык комиссиясы, Россия Федерациясынын өнөр жай жана соода министрлиги жана «Антиконтрафакт» Эл аралык ассоциациясы эсептелет.

Форумдун ишине мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин жана башка көптөгөн өлкөлөрдүн бизнес жана бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү катышат. Жалпы болуп Форумдун катышуучулары 500 болсо, алардын 300 чет элдик катышуучулар түзөт.

Пикир

Оставить комментарий