• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте «Империя пиццы» кафесинин кошумча курулушу алынууда

Коом 0

Бишкек, 20.11.23. /Кабар/. Бишкектеги «Ала-Арча» соода борборундагы «Империя пиццы» кафесинин жайкы террасасы буздурулууда.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, кошумча курулуштун жалпы аянты 58 чарчы метрди түзөт, ошондой эле 50 чарчы метр таштанды үчүн бастырма дагы буздурулууда..

"Жер тилкеси муниципалдык аймак болуп саналат, 13-ноябрда административдик укук бузуу жөнүндө протокол түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.

Жеринде мэриянын жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгынын кызматкерлери «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Белгилей кетсек, буга чейин башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарды бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу жөнүндө билдирүүлөр берилген.

Пикир

Оставить комментарий