• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте күз айында "АгроТехЭкспо - 2019" республикалык көргөзмөсү өтөт

Коом 0

Бишкек, 20.05.19. /Кабар/. Бишкекте күз айында "АгроТехЭкспо - 2019" республикалык көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган көргөзмө 25-27-сентябрь күнү Бишкектин эски аянтында болуп өтөт.

Көргөзмө айыл чарба өнөр-жай комплексиндеги жаңы техникалар жана заманбап технологиялар менен тааныштыруу жана маалымдоо, айыл чарба техникаларын сатуу рыногунда атаандаштык чөйрөсүн түзүү максатында өткөрүлөт.

Анын алкагында кайра иштетүү өнөр-жайында колдонулуучу жабдуулар жана машиналар сунушталат. Бул көргөзмөдө туруктуу өнөктөштөр менен маанилүү маселелерди талкуулап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана керектүү техникаларды сатып алууга болот.

"АгроТехЭкспо - 2019" республикалык көргөзмөсү жер иштетүүдө колдонулуучу жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрүнөн жасалып чыккан айыл чарба техникаларынын бардык түрүн камтыган тракторлор, комбайндар, жер иштетүүчү жана тоют жыйноочу техникалар, себүүчү машиналар, жер семирткич чачуучу машиналар жана жабдуулар, өсүмдүктөрдү коргоо боюнча техникаларды көрсөтүү боюнча атайын экспозиция болуп эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий