• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, качып кеткен айдоочу кармалды – видео

Коом 0


Бишкек, 10.11.20. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери кайгуул кызматкерлерине бай ийбей, качып кеткен айдоочуну кармашты.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрь күнү Юнусалиев көчөсүндө кайгуул кызматкерлери жол эрежесин бузган Mitsubishi-Delica унаасын токтотушкан. Бирок айдоочу кайгуул кызматкерлерине баш ийбей, унаасын айдап качып кеткен.

Бирок кийинчерээк Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган айдоочу – 31 жаштагы Н.Д. аттуу жаран кармалып, Октябрь районунун милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, Жазык кодексинин 355-беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир

Оставить комментарий