• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте каракчылык кылган жаш балдар кармалды

Коом 0

Бишкек, 06.02.19. /Кабар/. Бишкекте каракчылык кылган төрт жигит кармалды. Милициянын маалыматына ылайык, 4-февраль күнү төрт жигит Кулатов менен Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен чет элдик жаранды тапанча менен коркутуп, күч колдонуу менен анын 13 миң сомун жана 20 миң сомдук телефонун тартып алышкан.

Ал окуя боюнча каракчылык жасаганга шектелип төрт жаран - 18 жаштагы Т.Н., Б.Э., Ж.А. жана 17 жаштагы А.у.У. кармалган. Учурда алар Бишкек ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми А.у.У. үй камагына алынган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын реестринде катталып, 202-берене ("Каракчылык") боюнча сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат.

Ошондой эле кармалгандар башка иштерге да катыштыгы бар экени аныкталган.

Ушул жылдын 18-январында акча алмаштыруу жайынан аты аталган жарандар чет элдик жаранды тапанча менен коркутуп, анын 2 миң 200 доллар жана 2 миң 500 сом акчасын алып кетишкен.

Пикир

Оставить комментарий