• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Тогуз-Тородо кар көчкүгө камалып калган тогуз жүргүнчү чыгарылды

Аймак 0

Бишкек, 06.02.19 /Кабар/. Тогуз-Торо районунун Казарман – Актал-Чат жолунун 43-45-чакырым аралыктарында көчкү түшүп, бир жеңил жана эки оор жүк ташуучу автоунаа 9 жүргүнчүсү менен өтө албай калган.

Жерине куткаруучу топ, жол тейлөө ишканасынан техника тартылган. Камоодо калгандар кар көчкү тазаланган соң өз багыттары боюнча жүрүп кетишти. Жабыркагандар жок.

Жол бир тараптуу ачылды. Учурда унаа жолду кеңейтип тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий