• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жалал-Абад шаарын көрктөндүрүү маселеси талкууланды

Аймак 0

Бишкек, 14.03.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарын көрктөндүрүү боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Жыйынга Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, мэрдин орун басарлары, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, экологдор катышты.

Анда “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында шаарга тигилүүчү бак-дарактардын көчөттөрүн туура тандоо, туура отургузуу жана кам көрүү боюнча маселелер талкууланды.

Шаар мэри экологдорду мэриянын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасына көмөктөшүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында быйыл Жалал-Абад шаарына жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4 миң 475 даана бак-дарактардын көчөтү тигилет.

Пикир

Оставить комментарий