• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте "Кыргызстандын айым режиссерлорунун III Кинофоруму" жыйынтыкталды

Маданият 0

Бишкек, 18.03.19. /Кабар/. "Кыргызстандын айым режиссерлорунун III Кинофоруму" жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Аталган иш-чара 15-16-март күндөрү Ч. Айтматов атындагы Кино үйүндө болуп өттү.

Анын жыйынтыгы менен "Чангет" даректүү тасмасынын режиссеру Аида Мидин кызына тасма тартуусуна техникалык колдоо көрсөтүү боюнча сертификат берилген.

Андан тышкары "Узак" даректүү тасмасынын режиссеру Бегим Жолдубай кызы менен "Азамат" даректүү тасмасын тарткан Назгүл Дөөлөткелдиева Кино тармагындагы жемиштүү жана ийгиликтүү эмгектенгендиги үчүн Ардак грамота алышкан.

Ошондой эле Беларустун таанымал режиссеру Галина Адамович, "Шакен жылдыздары" эл аралык сынагында алган өзүнүн сыйлыгын Бегим Жолдубай кызына тапшырды.

Эскерте кетсек, "Кыргыз айым режиссерлорунун I Кинофоруму" алгачкы ирет 2016-жылы 17-декабрда өткөрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий