• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Бишкекте кызамык оорусуна байланыштуу жыйын өттү

Коом 0

Бишкек, 23.11.23. /Кабар/. Бишкектин Ленин районунда бугүнкү күнгө карата 400дөн ашык кызамык оорусу катталды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун кызамык оорусун азайтуу максатында Ленин районунун акимиаты жеке менчик мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жана жеке менчик мектептердин жетекчилери өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурду.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун иммунологу оорунун алдын алуу, жугуу жолдору жана симптомдору, ошондой эле кызамык оорусуна каршы эмдөөнүн зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

"Акыркы ондогон жылдар ичинде бул инфекцияга каршы эмдөөнүн аркасында дүйнөдө кызамык оорусу жүздөгөн эсеге азайды. Бирок 2016-жылдан бери дүйнө жүзү боюнча оорулардын көбөйгөндүгү байкалууда", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Кыргызстандын профилактикалык эмдөөлөрдүн улуттук календарына ылайык кызамык, паротит жана кызамыкка каршы эмдөө пландуу түрдө эки жолу жүргүзүлөт:
- 1 жашында биринчи эмдөө;
- 6 жашында экинчи эмдөө.

Пикир

Оставить комментарий