• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте милиция кызматкери сууга чөгүп бара жаткан адамды куткарып калды

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери сууга чөгүп бара жаткан адамды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя болгон жерден алыс эмес жерде жүрүшкөн ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери БЧКда (Төмөнкү Ала-Арча районунда) сууга чөгүп кеткен адамды көрүшкөн. Ошол учурда офицерлердин бири дароо сууга секирип, адамдын өмүрүн саткап калууга үлгүргөн. Дароо биринчи жардам көрсөтүлүп, бир канча убакыттан кийин жабырлануучу өзүнө келген.

Жабырлануучунун айтымында, ал БЧК каналынын жанында туруп капысынан талмасы кармап, сууга түшүп кеткен. Ал милиция кызматкерлери тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Адамдын өмүрүн сактап калган ИИМдин БМЖКККнын кызматкерине 2021-жылы мыкты ыкчам кызматкер наамы ыйгарылган.

Белгилей кетсек, эпилепсия өнөкөт неврологиялык оору болуп саналат, кайталануучу, капыстан башталган эпилепсиялык талма менен мүнөздөлөт. Талма аң-сезимдин бузулушу менен коштолушу мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий