• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды алуу иштери уланууда

Коом 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, инспекторлор тарабынан күн сайын уруксат берилбеген жеңил курулуштардын ээлерине муниципалдык жерлерди өз ыктыяры менен бошотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Натыйжада Токтоналиев жана Т. Молдо көчөлөрүндөгү эки дүкөн демонтаждалды.

Мэриядан белгилешкендей, ошондой чектеш аймакта тазалыкты жана тартипти сактабагандыгы үчүн «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 114-беренесине ылайык, Кривоносов көчөсү, 42 дарегиндеги дүкөндүн ээсине 3 миң сом айып салынды.

Ушул эле берененин негизинде Т.Айтматов көчөсүндө жайгашкан «Казань Шаверма» фастфуд пунктуна айып салынган. Тез тамактануучу жайдын кызматкерлери Аламүдүн дарыясынын жээгине таштанды ыргытышкан.

Бишкек мэриясы инспекциянын ишине байланыштуу суроолор болсо, төмөнкү телефондорго кайрылуу керектигин эскертет:

Свердлов району боюнча: 0705003137;
Октябрь району боюнча: 0551551745;
Биринчи май району боюнча: 0555404818;
Ленин району боюнча: 0550070505.

Пикир

Оставить комментарий