• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 22.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, 22-23-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде 0…-2° үшүк, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында -1…-3°, 24-апрелде Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында -2…-4° үшүк жүрүшү күтүлөт.

Мындай үшүк жемиш бактарынын гүлдөрүнө, бүчүрлөрүнө, гүлдөгөн жер жемиштерге, жерге отургузулган жашылчаларга коркунучтуу.

Пикир

Оставить комментарий