• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда жеке ветеринарлардын саны өсүүдө

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда жеке ветеринарлардын саны өсүүдө. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинин маалымат жыйынында ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов кабарлады.

Анын айтуусунда, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда мамлекеттик мал дарыгерлер райондук башкармалыктарда гана иштешет. Айылдарда жалаң жеке дарыгерлер иштейт.

“Бүгүнкү күндө жеке мал доктурлардын саны 2 миң 665ке жетти. Бул дарыгерлер бизден лицензияны алып, бөлүнгөн тилкелерде иштешет”, - дейт Жумаканов.

Пикир

Оставить комментарий