• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу бир тараптуу ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Аталган унаа жол кечээ саат 19:30да бир тараптуу ачылган. Бүгүн ал жолдун калган тилкеси кардан толук тазаланып жатат.

Эскерте кетсек, кечээ болжол менен саат 09:30дар чамасында аталган унаа жолунун 74-86-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) кар көчкү түшкөн. Анын жалпы көлөмү болжол менен 45000 метр кубду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий