• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Жашылдандыруу” ишканасы Бишкекте бак-дарактарды сугарууда

Коом 0

Бишкек, 17-май /Кабар/. “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын жумушчулары Бишкек шаары боюнча бак-дарактарды сугарууда. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Быйылкы жылы шаар мэриясы Аламүдүн суу чарба башкармалыгы менен ушул жайда секундасына 4,5 миң литр суу алууга келишим түзгөн. Ишкананын жумушчулары бак-дарактарды сугаруунун ар кандай ыкмаларын колдонушат. Алар – авто, колго, арыктар жана суу түтүктөрү менен сугаруу болуп саналат.

Учурда Ала-Арча дарыясынын суусу менен Даир Асанов жана Ата-Түрк атындагы парк секундасына 350 л көлөмүндө сугарылууда. Ошондой эле, Ленин районуну бак-дарактары – Резиденциянын, №4 шаардык оорукананын аймагындагы бак-дарактар сугарылууда.

Таң эртеден тарта 10-12 атайын унаа иштеп жатат.

Бишкек мэриясы шаардыктарды жана шаар меймандарын шаардык сугат түйүндөрүн булгабоого чакырат. Себеби бул суунун жолдорду каптап, максатсыз колдонулушуна алып келет.

Пикир

Оставить комментарий