• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте милициянын генерал-майору Шабировдун элесине арналган спорттук мелдеш өттү

Коом 0

Бишкек, 11.06.22. /Кабар/. ИИМдин Республикалык окуу борборунда өлкөнүн күч түзүмдөрү арасында аскердик кармашып урушуунун күжүрмөн бөлүмүндөгү өзүн-өзү коргоо боюнча чемпионаты өткөрүлгөн.

Ички аскерлер кызматынан билдиришкендей, бул спорттук иш-чара милициянын генерал-майору Ж. Шабировдун жаркын элесине арналган.

Чемпионатка ИИМдин Ички аскерлеринин, Академиянын, Республикалык окуу борбордун жана Аскер институтунун командалары катышкан. Чемпионатта ИИМдин Ички аскерлеринин 714 аскер бөлүгүнүн командасы ар кандай салмак категориясы боюнча жогорку жетишкендиктерге жетишип, алдыңкы орундарды ээлешти.

70 кг салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун Жамалбек у Э

2-орун Темиралиев А.

80 кг салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун Пиримкул уулу А
2-орун Байшериев Р. менен Джумадылов И
3-орун Рустамов Э.

90 кг салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр:
1-орун Жылдызбек у Д. менен Өмүралиев А
2-орун Рахим у А. менен Ибрагимов И
3-орун Касымов Н.

Жыйынтыгында чемпионаттын катышуучуларына ардак грамоталар, дипломдор тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий