• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош мэриясы Түркиянын боордош шаары Маниса менен кызматташууну өркүндөтөт

Аймак 0

Бишкек, 11.06.22. /Кабар/. 10-июнда Ош шаарынын делегациясынын Түркияга болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Маниса шаарынын мэри Женгиз Эргүн менен жолугушту. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

А.Мамбетов өз сөзүндө Ош шаарында Борбордук Азиядагы экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү, анын ичинде туризмди, маданияттар аралык кызматташтыкты, эл аралык долбоорлорду жана программаларды өнүктүрүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолду. Ага улай мындан ары да көп кылымдык тарыхы, тили, дини, маданияты, өнүгүү максаттары бар бир тууган шаар эли менен мамилеси, кызматташуусу бекемделишине ишеним билдирди.

“Ош шаарынын мэриясы Маниса шаарынан келген инвесторлорду, ишкерлерди, бизнесмендерди колдоого жана шарттарды түзүүгө ар дайым даяр. Мен сиздердин шаардагы бизнес чөйрөлөрүн Ошко инвестиция салууга чакырам. Меймандос шаарыбыздын эшиги сиздер үчүн ар дайым ачык. Сиздерди 5-октябрь Ош шаарынын күнүнө арналган майрамдык иш-чараларга катышып, биздин сыйлуу коногубуз болууга чакырам”, - деди Оштун мэри.

Жолугушуунун жыйынтыгында 2022-2025-жылдарга эки боордош шаар – Ош жана Маниса шаарларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча программанын протоколуна кол коюлду. Мындан тышкары, мэр муниципалдык кызматтардын тажрыйба алмашуусу, эки шаардын тургундарынын ортосунда маданий кызматташтыкты жолго коюу, маданият жана спорт тармагында кызматташуу боюнча иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүүгө чакырды. Тактап айтканда, “Алай” футбол клубунун катышуусунда футбол боюнча жолдоштук турнирлерди уюштуруу сунушталды.

Өз кезегинде Женгиз Эргүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экенин билдирди.

Жыйынга Ош шаардык кеңешинин депутаттары Замир Толубаев, Эсен Арзиев, Ош ШИИБ башчысы Акылбек Мамасейитов, МАБ башчылары, шаардын муниципалдык коммуналдык ишканалардын жетекчилери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Маниса шаарынын коммуналдык кызматтарынын, анын ичинде суу чарба, таштандыларды кайра иштетүүчү ишканалардын иши менен таанышуу жүрдү.

Пикир

Оставить комментарий