• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ташпаева Назгүл Аскеровна - өмүр баяны

Коом 0

Бишкек, 21.12.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун кол койгон Жарлыгына ылайык, Ташпаева Назгүл Аскеровна Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Туулган жылы: 11- август 1973-жыл.

Билими: Жогорку

Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун 1996-жылы,

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын 2009-жылы аяктаган

Класстык чен, атайын наамдар: Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси

ЭМГЕК ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

1997-1998 – Кыргыз акушерство жана педиатрия илимий-изилдөө институту, врач

1998-2003 – Адамдын репродукциясы боюнча кыргыз илимий борбору, медициналык-социалдык жардам бөлүмү Врач, бөлүм башчысы

2003-2006 – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын аялдар, үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин катчылыгы, эксперт

07.2006-03.2007 – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмү, экономикалык жана социалдык экспертиза сектору, эксперт

03.2007-07.2007– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү жана маалымат башкармалыгы, начальник

07.2007-01.2009 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүгүү бөлүмү Башчы

01.2009-10.2009 – Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, Министр

2009-2010 – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги, Директор

2010-2012 – Европа Союзунун бюджеттик колдоо сектордук саясат программасы, эксперт

2012-2013 – Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу кафедрасы, окутуучу

07.2013-08.2013 – ПРООНдун бюджетти талдоо боюнча долбоору, эксперт

2013-2014 – ЮНИСЕФтин социалдык коргоо боюнча долбоору, консультант

2014-2015 – Социалдык коргоону өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ, жумушчу топтун мүчөсү

2015-2017 – 2018-2040- жылдарга Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топ, эксперттик топтун мүчөсү

2017-2018 –Саламаттык сактоо уюмунун техникалык жардамдын алкагында 2019-2030-жылдарга калктын саламаттыгын сактоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча эксперттик топ, эксперттик топтун жетекчиси

Пикир

Оставить комментарий