• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЕБнын КРдагы долбоордук-программалык ишмердүүлүгү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Еврокомиссиянын Борбордук Азия, Жакынкы Чыгыш, Түштүк-чыгыш Азия боюнча бөлүмүнүн башчысы Р.Йодиче менен жолукту.

Маалыматка ылайык, жолугушуу кечээ, 12-февралда министрдин Брюссель шаарына жумушчу сапарынын алкагында болгон.

Тараптар ЕБнын КРдагы долбоордук-программалык иштерине тийиштүү маселелерди, анын ичинде, 2014-2020-жылдарга карата Көп жылдык индикативдик программаны ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Министр Ч.Айдарбеков ЕБнын БА боюнча жаңы Стратегиясынын алкагында ЕБнын БАдагы долбоордук-программалык ишмердүүлүгүнүн мазмундуу толукталышынын маанилүүлүгүн белгиледи. Кыргыз тарабы региондун транспорттук жана логистикалык инфратүзүмдөрүн, туруктуу энергетиканы, ирригацияны, IT-технологияларын өнүктүрүүгө жана инвестицияларды тартууга, ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоого жана климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле 2021-2027-жылдарга карата Көп жылдык индикативдик программага жана Регионалдык индикативдик программа кыргыз тарабынын сунуштарын кошуу маселелери талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий