• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте окуучуну сүзүп, из жашырып кеткен айдоочу кармалды

Кырсык 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. №70 мектеп-гимназиясынын жанында окуучуну унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-декабрда болжол менен саат 10:45тер чамасында белгисиз айдоочу Бөкөнбаев көчөсүндө батыш тарапты көздөй бара жатып №70 мектептин жанында баланы сүзүп, качып кеткен.

Окуяда кырсыктаган бала ооруканага кайрылган.

Баланы сүзгөн деп “Ниссан Мурано” унаасынын айдоочусу 31 жаштагы Е.Б., аттуу жаран кармалган. Ал эми унаа айып токтотуучу жайына жиберилген.

Матераилдар Бишкек ИИББнин Тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Окуяда кырсыктаган бала 8 жаштагы гимназиянын окуучусу Ю. Д. болгон.

Эске сала кетсек, Бөкөнбаев менен Манас проспектисинин кесилишинде №70 мектептин жанында саат 10:45тер чамасында белгисиз унаа окуучуну сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Баланын ата-энеси күбөлөргө кайрылып, айдоочуну табууга көмөктөшүүнү суранышкан.

Пикир

Оставить комментарий