• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Башкы прокуратура коррупция менен күрөшүү боюнча бирдиктүү эсепке дагы каражат которду

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Башкы прокуратура экономикалык жана кызматтык кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча мамлекетке келтирилген зыяндан орду толтурулган акча каражаттарды сактоо жана каттоо үчүн ачылган бирдиктүү депозиттик эсепке 10 млн. 792 миң 192 сом которду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бирдиктүү эсепке которулган акча каражатынын жалпы суммасы 326 млн. 827 миң 93 сомду түзөт.

Аталган багытта иштер уланууда.

Пикир

Оставить комментарий