• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтөт

Маданият 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Бишкекте салттуу музыка жумалыгы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чара 20-апрелде башталып, 25-апрелге чейин созулат.

Жумалык 20-апрелде саат 10:00дө Абдылам Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жанындагы Т.Сатылгановдун эстелигинин алдында маданий иш-чара менен башталат.

Музыка жумалыгын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду менен биргеликте өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий