• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстанда биринчи жолу электрондук медициналык документ берилди

Ден соолук 0

Бишкек, 18.04.23. /Кабар/. Саламаттык сактоо системасында 17-апрелде биринчи жолу электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен электрондук медициналык документке ийгиликтүү кол коюлду.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул электрондук саламаттыкты сактоонун өнүгүшүндөгү маанилүү кадам, медициналык маалымат алмашуу процессин кыйла жөнөкөйлөтөт жана тездетет.

Электрондук цифралык кол тамга менен кол коюлган биринчи электрондук медициналык документ энени жана баланы коргоо улуттук борборунун төрөт үйүндө түзүлгөн, ал ошондой эле адамдын жашоосундагы биринчи медициналык документ – туулгандыгы тууралуу медициналык күбөлүк болуп саналат. Андан ары документ мамлекеттик үлгүдөгү туулгандыгы тууралуу күбөлүктү андан ары тариздөө үчүн ЗАГС органдарына өткөрүлүп берилди.

Электрондук медициналык документ бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнүн негизги куралы болуп саналат жана электрондук санарип кол тамга документтин ишенимдүү жана коопсуз авторизациясын камсыз кылат.

"Биздин максатыбыз — медициналык маалыматты баарына жеткиликтүү жана коопсуз кылуу, жана электрондук санариптик кол тамга менен кол коюлган бул биринчи электрондук медициналык документ башталышы гана. Биз бул багытта иштөөнү улантып, саламаттыкты сактоонун сапатын жана натыйжалуулугун арттыра турган жаңы технологияларды иштеп чыгабыз жана толугу менен кагазсыз медициналык документ жүгүртүүгө өтөбүз" - деп белгиледи саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова.

Пикир

Оставить комментарий